Бүгүн Бишкектин 7-кичи районунда жаңжалда ок атылып, адам өлгөн. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жазышты.
Бишкек милициясы адам өлүмү менен аяктаган окуянын чоо-жайын териштирип жатат.
«Бүгүн Бишкекте мурдагы бизнес өнөктөштөр ортосундагы жаңжал өлүм менен аяктады. Бир киши каза болду, экөө жараат алды. Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет», — деп айтылды мекеменин билдирүүсүндө.