Бишкек шаардык соту бүгүн, 17-июлда абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин карап, райондук соттун чечимин өзгөрттү.
Сот Ташовго тагылган Кылмыш-жаза кодексинин үч беренесинин бирөө – 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча акталса, каган эки берене боюнча чечимдер өзгөртүүсүз калды. Сот Ташовго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесине ылайык, белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен Ташов мүлкүн конфискациялоо менен 8 (сегиз) жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасын чегерди. Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан.
Ага 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу), 327-берене (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча айып тагылган.