• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте мурунку «Чатыр-Көл» кинотеатрынын имараты өрттөндү

17 Чын куран 202210:52 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан мурунку «Чатыр-Көл» кинотеатрынын имаратында өрт чыкты. Маалыматты ӨКМден тастыкташты.

Маал болгондой, өрт 16-апрелде болжол менен саат 17.30дарда чыккан. Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа тартылган.Жалын бир сааттан кийин өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, имараттын 3-4 чарчы метри күйүп кеткен.Ушу тапта кырсыктын себеби такталууда, жабыркагандар жок.

Теги:
Количество просмотров: 102