Электр жарыгынын өчүрүлүшүнөн улам Бишкектин тургундары муздак суусуз калышты. Маалыматты “Бишкексууканал” ишканасынан тастыкташты.
Ведомстводо белгиленгендей, суу сордурулуп, абоненттерге электр насосторунун жардамы менен берилет.
Буга чейин Ош, Жалал-Абад, Каракол, Баткен, Чүй, Талас облустарында электр жарыгы өчүрүлгөнү тууралуу маалыматтар тараган.
Ал эми Энергетика министрлиги жарандарды дүрбөлөңгө алдырбоого чакырууда.
«Борбор Азия боюнча электр жарыгы өчтү. Кыргызстан энергошакекчеден чыгып, 30 мүнөттө өз алдынча электр энергия берип баштайт», — деп билдирди министрлик.
Буга чейин Борбор Азиянын бириккен энергосистемасында авария болгону белгилүү болду.