• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекте мыйзамсыз ижарага берилген турак жайларды аныктоо боюнча рейддер өтүүдө

26 Аяк оона 2023 15:43 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мыйзамсыз ижарага берилген турак жайларды аныктоо боюнча биргелешкен рейддер өтүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынтыгында Биринчи май районунун акимчилиги, салык кызматы жана райондук милиция тарабынан 4 күндө 20 дарек аныкталып, анын ичинен 4 дарекке патент берилип, 16 дарекке салык кызматы тарабынан акт түзүлгөн.

Жыл башынан бери 31ге жакын рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1174 даректин тизмеси түзүлүп, андан ары чара көрүү үчүн салык органдарына жөнөтүлгөн.

Мындай текшерүүлөр уланууда.

Белгилей кетсек, көп кабаттуу үйдө ижарага турак жайды берүү кызматына патенттин баасы чарчы метри үчүн 30 сомду, жеке үйдө 40 сомду түзөт.

Мындан тышкары, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык — кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү (айыл чарба багытындагы жерлерди кошпогондо) ижарага берүүдөн киреше алган жеке ишкерлер жана жеке адамдар камсыздандыруу төлөмдөрүн, орточо эмгек акынын 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндө ай сайын үстөк акы төлөшөт.

Салык төлөөдөн качуу жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23000 сом айып салууга алып келет.

Количество просмотров: 279