• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 40тан ашык чет элдик аныкталды

30 Баш оона 202413:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун адам аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында Мамкомитет тарабынан пландуу фильтрациялык иш-чаралардын натыйжасында визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 42 чет өлкөлүк жаран (Бангладеш – 35 жана Пакистан-7) аныкталды.

Тартип бузгандар Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана кийин Кыргызстандын чегинен тышкары депортациялоо үчүн өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 82