Бишкек шаардык милициясы 7-августта борбор калаадагы ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча шектүүлөрдү издеп жатат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренеси менен үч адамга издөө жарыяланды.
Алар:
Степанов Николай Николаевич, 1999-жылы туулган, Бишкек шаарында туулган;
Степанов Лев Викторович, 1994-жылы туулган, Өзбекстанда туулган;
Каландаров Геннадий Геннадьевич, 1993-жылы туулган, Өзбекстанда туулган.
Шаардык милиция жогорудагы адамдар жөнүндө маалыматы бар болсо, ички иштер органдарына маалымат берүүнү өтүнүүдө.