Үчүнчү чейректен баштап, Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары салттуу түрдө билим алышы мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.
«Мектептердин ачылышы ордо калаадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Эгер Санэпидемкөзөмөл департаменти мектептерди ачууга уруксат берсе, анда Бишкек шаарындагы окуучулар III чейректен тарта кадимкидей окуп баштайт», — деди Жусупбекова.