• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте окуучулар таштанды челектен ымыркай табышкан

29 Үчтүн айы 20259:14 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мектеп окуучулары таштанды челектен ымыркайды табышкан. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-январында “102” кызматына Интергельпо көчөсүндө окуучулар таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркайды таап алышканы жөнүндө маалымат түшкөн. Ымыркай азыр ооруканада.

Учурда ымыркайдын энесинин өздүгүн аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги ымыркай кыз бала экенин айтып, ооруканага өтө оор абалда жеткирилгенин билдирди. Бөбөк айына жетпей төрөлгөн, учурда Шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө, абалы орточо оор.

Количество просмотров: 331