• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте окуучулар жалпы республикалык тестти качан тапшырат?

19 Бугу 2022 17:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык,

-биринчи этап 24, 25-майда:

Свердлов районундагы №4 МГ, №38 ОТК МГ, №45 орто мектеп, №65 ЭЭЛ, №66 ОТК, №94 орто мектептеринин базасында;

  • Ленин районундагы № 9 ОТК МГ, № 13 МГ, № 31 МГ, № 68 ОТК МГ, № 72 МГ, № 84, № 93, № 96 орто мектептеринин базасында;
  • экинчи этап 27, 28-майда:

Октябрь районундагы №3, №26 ГК, №39, №62 ОТК МГ, №63, №64, №88 мектептердин базасында;

  • Биринчи май району боюнча №6 АОТК, №27 орто мектеп, №28, №29 ОТК МГ, №24 МГ, №69 ОТК МГ мектептеринин базасында.
  • үчүнчү этап 24, 25-июнда:
  • ЖРТ жүйөлүү себептер менен тестирлөөдөн өтпөй калган абитуриенттер үчүн кошумча тизме боюнча өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, жогорку окуу жайга тапшырууну чын жүрөктөн каалайт.

Количество просмотров: 656