• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Окуучулардан COVID-19 аныкталгандыктан Бишкектеги 15 мектеп онлайн окууга жабылды

22 Чын куран 2021 16:56 Бишкек Govori.TV

Окуучулардын арасында COVID-19 менен ооругандар катталгандыктан Бишкек шаарында 15 мектеп толугу менен онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, дагы 14 мектепте айрым класстар аралыктан окуп жатат.

Акматова ырастагандай, учурда шаарда 45 окуучу жана 24 мугалим COVID-19 илдети менен ооруп жатат.

Мектептердин баары 2020-жылдын мартында коронавируска байланыштуу толук жабылган. Кийин аймактардагы мектептер ишин улантып, Бишкекте жарым-жартылай салттуу ыкмада окуу башталган.

Количество просмотров: 73