• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте опузалап акча алганга шектүү кармалды

4 Бештин айы 2020 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында опузалап акча алганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-декабрда болжол менен саат 21:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен акчамды опузалап алып кетишти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИБгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Т.А. аттуу айымдын (аты өзгөртүлдү) 2 миң доллардан ашык акчасын чала таанышы опузалап алып кеткендиги аныкталган.

«Милиция кызматкерлери кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары, 1987-жылы туулган А.Ч аттуу жаранды кармашып, Аламүдүн райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Аламүдүн райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 203-берененин (Опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 165