• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкекте “Рамазан чатыры” саамалыгы өтүүдө

17 Бугу 201914:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.

Борбор калаабызда Орозо айында муктаж жана колунда жок адамдарга ооз ачуу үчүн 7-майдан тарта “Рамазан чатыры” ачылды.
Уюштуруучулардын берген маалыматына ылайык, Орозо айы аяктаганга чейин колунда жок адамдарга атайы ооз ачуу уюштурулуп, күнүнө 100 адамга тамак берилүүдө.

Рамазан чатыры эшигин ачкан күндөн тартып, кайрымдуулук фонддорунда каттоодо турган балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери, карылар үйүндөгү апалар жана аталар чакырылып, дасторкон даярдалат.
Белгилей кетсек, “Рамазан чатыры” 3000 адамга тамак берип, Бишкектеги Тюбетейка Family ресторанынын аймагында өтүүдө.


Количество просмотров: 18