• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Бишкекте Сабырбек Жумабековду колдогондор митингге чыкты

5 Бирдин айы 2022 13:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында Сабырбек Жумабековдун кызматынан алынышына каршы митинг өтүп жатат.

Акцияга болжол менен 200дөн ашуун жаран келген. Алардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дагы бар. Чогулгандар министр Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышууда. 

Эске салсак, 4-февраль күнү министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлгөнүн билдирген. Ал Сабырбек Жумабековду кызматынын бошотконун, жаңы түзүлгөн оорукананын башчысы болуп Гулия Кожокматова, ал эми башкы дарыгер кызматына Дамир Дүйшөнов дайындалганын кабарлаган.

Теги:
Количество просмотров: 303