Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкекте салют атылды. Бул тууралуу буга чейин муниципалитеттен билдиришкен болчу.
Маалыматка ылайык, фейерверк бүгүн, 9-май күнү саат 22.00дө «Жеңиш» аянтында атылып, жеринде милиция кызматкерлери көзөмөлдөгөн.
Белгилей кетсек, пандемияга байланыштуу карантиндик чектөөлөрдөн улам 9-майды массалык түрдө көчөгө чыгып майрамдоого болгон жок.
Борбор калаада болгон салютту үйлөрүнүн терезелеринен көргөн тургундар видео, сүрөттөрдү жайгаштырып, куттуктоо сөздөрүн жазышууда.
Ал эми бийликтин шаардыктарга кылган бул белеги айрым социалдык армактын колдонуучуларына жаккан жок. Дегеним айрымдар бул татаал кырдаалда салют аттырбай эле ошого корогон каражатка муктаж болгон жарандарга көмөк көрсөтүлсө болмок дешүүдө.