• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Президент кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

9 Бугу 2024 9:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери жана кымбаттуу оорук эмгекчилери!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Фашисттик баскынчыларга каршы Улуу Ата Мекендик согуш – бүткүл адамзаттын тагдырына таасир эткен тарыхый окуя. Мына ошондуктан 9-Май – Улуу Жеңиш күнүнүн мааниси зор. Айрыкча, бир туугандай бир катарда туруп, душманга каармандык менен бетме-бет чыккан элдер үчүн бул дата ɵтɵ маанилүү.

Адам чыдагыс кыйынчылыктар, ачарчылык коштогон азап-тозоктор менен дээрлик төрт жылга созулган согуштан кийинки улуу Жеңиштин келишине Кыргызстан да өзгөчө зор салым кошту.

Фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салып, согуш жарыялагандан кийин Кыргызстан бир тууган боордош элдердей эле 360 миңден ашуун уул-кызын согушка аттандырган. Бул ошол кезде өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу согушка кеткен деген сөз. Мындан сырткары, 30 миңден ашык кыргызстандык өлкөдөн сырткаркы аскер өнөр жай ишканаларына жөнөтүлгөн. Согуштун оор жылдарында оорукта калгандардын баары – кары дебей, жаш дебей күнү-түнү тыным албай эмгектенип, жеңиштин камсыз болушуна эбегейсиз жардам беришкен.

Бул Жеңиш биз үчүн оңойго турган жок, жүз миңдеген жарандарыбыз майдан талаасынан кайтпай калды.

Биз жер жүзүндөгү бакубат жашоо үчүн кан майданда курман болгон мекендештерибизди эч качан унутпайбыз! Улуу Жеңишке жетүүдө кыргызстандыктардын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз. 150 миңден ашуун командирлер жана жоокерлер фашисттик баскынчылардын мизин кайтаргандагы баатырдыгы жана каармандыгы үчүн орден-медалдар менен сыйланганын, алардын арасында “Даңк” орденинин толук кавалерлери болгонун, жетимиштен ашуунуна Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылганын жыл сайын сыймыктануу менен белгилеп келебиз. Үйдө калган жубайына, уул-кыздарына, күтүүдөн саргайган ата-энелерине кайтпай калган жоокерлерге, Ата Журтун жанынан артык көргөн жана Мекен деп жанын берген бардык маркумдарга башыбызды ийип, таазим кылабыз!
Ал эми согуш жылдарында ооруктагы элибиздин түйшүктүү эмгеги майтарылгыс эрктин, кажыбас кайраттын эң жогорку үлгүсү болуп кала берет.

Урматтуу мекендештер!

Мезгил закымдап учуп, жылдан жылга ошол кан күйгөн согушка катышкандардын, оорук эмгекчилеринин саны азаюуда. “Карысы бардын – ырысы бар” деп бекеринен айтылбаса керек, согуш ардагерлери менен оорук эмгекчилери – оозунда нускалуу кеби бар аксакалдуу карыяларыбыз эле эмес, катаал мезгилде далай татаал учурларды башынан кечирип, бир эле Кыргызстанга эмес, бүткүл совет элине тынчтык тартуулаган биздин сыймыгыбыз! Эрдиги менен каармандыгы кылымдан-кылымга, муундан-муундарга үлгү катары айтыла берчү жалпы согуш ардагерлерин, оорук эмгекчилерин сыйлап алууга күчүбүз да, кудуретибиз да, эркибиз да жетет.

Жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, молчулук, токчулук болуп, элибизди ынтымак ыроолоп, асманыбыз ар дайым ачык болсун.
Улуу Жеңиш күнү кут болсун!
Майрамыңыздар менен!”

Количество просмотров: 88