• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте самокат, мопедге чектөө киргизүү сунушталды

18 Аяк оона 202414:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев Бишкекте мопед жана самокаттардын кыймылына тийиштүү инфраструктура түзүлгөнгө чейин тыюу салууну сунуштады.

Ал белгилегендей, борбор калаанын бүгүнкү шарты талапка жооп бербейт жана бул транспортту негизинен жаштар айдайт.

“Алар тротуарда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, жолдо унааларды сүзүшөт. Мэрия бул көйгөй чечилмейинче убактылуу чектөө киргизиши мүмкүн», — деди Чыңгыз Ажыбаев.

Эске салсак, алты ай аралыгында мопед, скутер, самокаттын катышуусунда 109 жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат бүгүн парламенттин жыйынында айтылды.

Количество просмотров: 89