• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте шамал учурунда бак кулап, бир унааны басып калды

1 Баш оона 2019 9:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.08.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарындагы Абдрахманов,Күренкеев көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, бир унааны басып калды. Бул тууралуу Govori.TV мультимедиялык агенттигине унаанын ээси Бексултан Өмүркан уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ күнү болжол менен түшкү саат 13:30дар чамасында катуу шамал учурунда бак өз салмагын көтөрө албай кулап түшүп, жол жээгинде токтоп турган “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унааны басып калган. Ал эми унаанын ээси катталган факт боюнча “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасына арыз менен кайрылганын айтты.

“Бул эски бактарды кыйгыла деп мурдагы үй ээлери Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасына 2017-жылы арыз менен кайрылышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин аны кыйышкан эмес. Машина учурда такыр жараксыз абалда. Ал эми атлган мекеме унааны калыбына келтирүү маселесин бир катар тийиштүү документтерди топтогондон кийин карай турганын айтышты”,-дейт Бексултан Өмүркан уулу.

Кошумчалай кетсек, шаардагы бак-дарактардын көпчүлүгү 50-60-жылдары тигилген. Азыркы тапта, болжол менен 202 миң бак –даракты иликтөө милдети турат.

https://www.facebook.com/100010822177918/videos/873387739698624/?t=1

Количество просмотров: 27