• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте катуу шамалдан бак кулап, унааны басып калды

12 Чын куран 202218:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,12-апрелде Бишкек шаарында бак кулап, жолдун жээгинде токтоп турган унааны басып калды. Бул тууралуу Govori.TVга күбөлөр билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Фатьянов менен Горький көчөсүндө болгон. Анда кулаган бак жолду тосуп калган, натыйжада тыгын жаралган.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болорун эскерткен.

Количество просмотров: 708