• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкекте сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүгө шектүү жаран кармалды

5 Бештин айы 2023 12:38 Бишкек Govori.TV

Бишкекте сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү Д.К. аттуу жаран арызы менен кайрылып, анда ушул жылдын үч ай аралыгында 2005-жылы туулган К.А. аттуу жашы жете элек небересин сойкулук менен алектенүүгө көмөктөшүп жүргөн “Н” атту жаранга мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү» (ошол эле кылмыш балдарды пайдалануу менен жасалса) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган К.Н. жараны кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.

«Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(701) 700-251, 0(312) 43-73-75 жана кыска 102 номери аркылуу байланышсаңыздар болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 159