• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

19-июлда Бишкектин борборунда айрым көчөлөр убактылуу жабылат

17 Теке 202612:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору 19-июлда саат 21:00дө Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалын борбордук Ала-Тоо аянтында чоң экрандан көрө алышат.

Мэриянын маалыматына ылайык, финалдык оюнду көрүү үчүн аянтка жогорку сапаттагы чоң LED-экран жана заманбап үн жабдуулары орнотулат.

Түз көрсөтүү башталганга чейин кызыктуу маданий-көңүл ачуучу программа даярдалган.

Буга байланыштуу саат 19:00дөн баштап Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Эмгек даңкы аянтына чейин унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды борбордук аянтка келип, жылдын эң башкы чемпионатын бирге көрүүгө чакырат.

Количество просмотров: 15