• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте соода борборлор ишин баштаганга шымаланып жатат

20 Бугу 2020 16:02 Бишкек Govori.TV

21-майдан тартып ишин жандандырууга бир катар ишмердүүлүктүн түрлөрүнө уруксаат берилет. Ага ылайык соода-сатык, калкты тейлөө борборлору, мончо жана спа-борборлор, окутуп-үйрөтүү кызматтар чөйрөсү жана калкты тиричилик жактан тейлөө кызматтары ишин баштаса болот. Бул жаңылык айтылгандан бери Бишкектеги Соода борборлор ачылышка кызуу даярдана башташты.
Ал кошумчалагандай коронавирусту жайылтууга каршы аракеттер планы кызматкерлер менен кардарлардын коопсуздугу үчүн иштелип чыккан.
Ал эми бир топ убакытка созулган карантинде жатып жаңы жумушка чыгууну пландап жаткан сатуучулар ишке киришүүгө даярданып жаткан чагы. Айрымдары буга чейин болгон кыйынчылыктарга карабай ишин улантып кетүүгө даярдыгын билдиришти.
Белгилей кетсек Бишкектин баардык райондорунун акимчиликтери тиешелүү органдар менен биргелешип, соода борборлорунда санитардык талаптардын сакталуусуна көзөмөлдөп, рейддерди өткөрүп турат.

Количество просмотров: 138