• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бишкекте дагы саммит өтөт. Соода борбордо кичинекей кыз уурдалды

10 Жетинин айы 2023 18:20 Бишкек Govori.TV

КМШ ПАА САММИТИ ӨТӨТ

16-17-ноябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Сессиянын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отуруму өтөт. Андан тышкары, Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча, Социалдык саясат жана адам укугу боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындары болот.

Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияларга катышат.

Белгилей кетсек, Бишкекке Азербайжан Республикасынан, Армения Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Россия Федерациясынан, Тажикстан Республикасынан, Өзбекстан Республикасынан жана Түркмөнстандан делегациялардын келиши күтүлүүдө.

«КАКТУС МЕДИА» VS «ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК»

Бүгүн, 10-ноябрда “Вечерний Бишкек” басылмасынын Kaktus.media сайтынын үстүнөн жазган арызы боюнча Жогорку Сот чечим чыгарды.

Соттук коллегия кеңешип, моралдык чыгымды өндүрүү боюнча эки инстанциянын өкүмүн жарым-жартылай өзгөрттү. Журналист Диля Юсуповадан 500 миң эмес, 100 миң сом өндүрүү чечимин кабыл алды, калган чечимди өзгөртүүсүз калтырды.

Сайтты сотко берүүгө «Вечерний Бишкек» гезити жабылып, кызматкерлери иштен кетери тууралуу макала себеп болгон.

Башында коюлуп жаткан доонун суммасы 50 млн сомду түзгөн. Анын 25 млн сому журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан жана мекеменин негиздөөчүсү Дина Масловадан талап кылынган. Калган 25 миллионду басылманын өзүнөн өндүрүү талабы айтылган.

23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Басылманын журналисти Диля Юсупова 500 миң сом, «Промедиа Плюс» коомдук фонду (Kaktus.media басылмасынын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

4-сентябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Эске салсак, «Вечерний Бишкек» жабыла турганы жөнүндөгү макала Kaktus.mediaнын сайтында 2022-жылы 29-декабрда чыккан.

СОГУШТУК АРАКЕТТЕРГЕ КАТЫШКАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Чет мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттерине, террордук аракеттерге катышуу фактысы боюнча Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 1995-жылы Жалал-Абад областында туулган жараны.

Маалыматтарга ылайык, ал 2015-жылдын аягында Москва шаарында иштеп жүргөндө “Катиба аль-Таухид валь-Джихад” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жалданып, Сирияга жеткирилип, ал жактан диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышкан.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

ӨСПҮРҮМДҮ СҮЗГӨН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын 16 жаштагы тургунун М.Горький көчөсүндө жеңил унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустунун жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өспүрүм окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кырсыгына шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Анын «БМВ Х5” үлгүсүндөгү унаасы айып короого токтотулган.

Учурда тергөө амалдары жүруп жатат.

СООДА БОРБОРДО КЫЗ УУРДАЛДЫ

Башка бирөөнүн наристесин оюн аянтчасынан алып чыгып кеткендер боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатканын бүгүн 10-ноябрда шаардык милиция билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмышка шектелип 25 жаштагы келин жана 13 жаштагы бала аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Окуя 9-ноябрда болгону, үч жашар кызын «Аламүдүн Гранддагы» оюн аянтчасынан жоготуп алганын аяткан аял Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылганы, милиция дароо чара көрүп, кызды таап, кайтарып бергени маалым болду.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматка караганда, апасы алаксып кетип, кызын ойноп отурган жеринен таппай калганын айтып берген, ал эми алып кеткен келин кыз аларга ыйлап өзү барганын, аны эртеси күнү кайра ошол жерге алып барууну пландап жатканын билдирген. 

Количество просмотров: 252