• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте соода борбору күйүп жатат

25 Жалган куран 202410:36 Бишкек Govori.TV

Бишкекте соода борбору күйүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ленин районунун Чүй көчөсүндө жайгашкан соода борборунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 09:31де жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылган. Жеринде Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен иш алып барууда.

Өрт саат 10:00дө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 371