• Шейшемби 21 Жалган куран 2023
  • Вторник 21 Март 2023

Бишкекте «Тамак» кафесинин ээсине айып салынды

17 марта 2023 в 16:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында муниципалдык аймакка бетон орнотуп алган кафенин ээсине айып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лев Толстой көчөсүндөгү №1 дарегинде жайгашкан «Тамак» кафесинин ээси кардарларынын унааларын убактылуу токтотуу үчүн муниципалдык аймакка бетон куюп, тосуп алган.

Мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жана көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери жерине ыкчам барышты. Жеринде эч кандай уруксат кагаздары жоктугу аныкталып, иш токтотулган.

«Мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан «Жол бузуулар жөнүндө» кодексинин 242-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 13 000 миң сом айып салынды»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кафенин ээси мыйзам бузуу менен макул болуп, аймакты баштапкы абалына келтирүүнү убадалады.

Теги:
Количество просмотров: 144

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда