Бишкектин Кара-Жыгач конушунда мыйзамсыз имарат буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, имарат уруксат документтери жок тигүү цехи катары курулган.
Азыркы учурда имаратты буздуруу иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.