• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте тоноочулукка шектүү жаран кармалды

2 Жетинин айы 2020 17:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-ноябрда болжол менен саат 06:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102”кызматына “Мадина” базарынан тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1986-жылы туулган А.С аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү болжол менен саат 05:50 чамасында “Мадина” базарынын жанынан белгисиз азият улутундагы бала арыз ээсине күч колдонуп, үстүндөгү кийип жүргөн курткасын жана чөнтөк телефонун, ошондой эле 1800 сом өлчөмүндөгү акчасын ачык түрдө тоноп кетишкен.

«Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган С.А аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 201-берененин (тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 43