Бишкек.06.02.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 6-февралда №11, 14, 2, 9, 7-каттамдагы троллейбустар кайрадан иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, троллейбустардын токтошу Бишкек шаардык троллейбустар башкармалыгынын подстанциясында жаралган аварияга байланыштуу болгон. Мындан улам учурда коомдук транспортту кыймылга келтирүү үчүн жеринде атайын кызматкерлер иштеп жатышканы айтылган.
Ошондой эле мэрия жалпы борбордун тургундарынан кечирим сураган.
Учурда троллейбустар Манас кең көчөсүндө, Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейин, ошондой эле Киев көчөсүнөн Жибек Жолу кең көчөсүнө чейин токтоп турган.