• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте троллейбуста жүргүнчүлөргө жана милицияга бычак менен кол салган жаран кармалды (видео)

20 Жетинин айы 201915:14 Бишкек Govori.TV

Бишкекте троллейбустун ичиндеги жаран жүргүнчүлөргө бычак менен кол салды.

Маалыматка караганда, айдоочу Светлана Тургумбаева өз убагында милициянын патрулдук кызматын чакырганга үлгүрдү. Окуя № 2 троллейбуста болду.

Кол салган кишинин колунда бычак жана шибеге сыяктуу буюм болгон. Окуя бүгүн 20-ноябрда саат 12:00дөр чамасында болду.

Бейбашты кармоодо жардамга келген жолоочу жабыркап, ооруканага алып кетишти. Ошондой эле ал Ала-Тоо аянтында өтүп бара жаткан адамдарга кол салган.

Айрым маалымтаттрга ылайык, кармалган психикалык жактан жабыркаган адам экени айтылууда.

https://www.facebook.com/bespredelKG/videos/2537813742976593/?v=2537813742976593
Количество просмотров: 2761