• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бишкекте унаа айдап качканга шектелип үч жигит кармалды

26 Чын куран 202211:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте үч жигит Honda Fit унаасын айдап качканга шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде милицияга Б.А. аттуу жаран кайрылып, Фрунзе көчөсүндөгү үйүнүн алдында токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кеткенин билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, шектүү катары 20 жаштагы С.М., 19 жаштагы С.М. жана 20 жаштагы А.Б. аттуу жигиттер кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Унаа табылып, ээсине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 55