• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Бишкекте унаа бакты сүзүп, эки адам жабыркады

30 Жетинин айы 202312:53 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Анкара көчөсүндө жол кырсыгы катталып, Honda Odyssey унаасынын айдоочусу бакты сүзүп алган. Маалыматка ылайык, кырсык 30-ноябрда болжол менен таңкы саат 04:30да катталган.

Жерине барган ӨКМдин куткаруучулары унаанын ичинен 1996-жылы туулган Э.Э. уулу жана О.Д. (туулган жылы такталууда) аттуу жарандарды алып чыгышкан.

Жабыркаган жарандар Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 246