«Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаа ЖЭБ жактагы жаңы көпүрөдөн кулап, оодарылып калган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 17-февралда саат 8:49 чамасында болгон.
«Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаанын С. кызы Э., аттуу айдоочусу унаасы менен көпүрөдөн темир жолдун рельсине кулап кеткен. Видеодо байкалгандай унаа оодарылып калган.
Окуядан кийин унаанын айдоочусу №4 шаардык ооруканага жеткирилген.
Унаа айып короого киргизилген. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.