• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Бишкекте унаа өрттөнүп, бир адам жабыркады

5 Жалган куран 20258:28 Бишкек Govori.TV

Бишкекте унаадан өрт чыгып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын Свердлов районунда унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 18:01де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 18:20да өрт толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен 1990-жылы туулган Ж.Г. аттуу эркек киши жеңил күйүк алып, тез жардам кызматынын кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн.

Абалы жакшы.

Количество просмотров: 119