Бишкек.24.07.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарындагы Түштүк магистралда автоунаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.
“Масалиев көчөсүндө күйүп жаткан унаа тууралуу маалымат бизге бүгүн 10:05дер чамасында келип түштү. Ал эми өрт өчүрүүчүлөр 10:26да өчүрүп бүтүштү”,-деди Шерипова.
https://telegra.ph/file/fc4a0a14d575fe5f3bdb4.mp4
Андан тышкары, азыркы тапта өрттүн келип чыгышынын себептери аныкталып, катталган факт боюнча кошумча маалымат бериле тургандыгын билдирди.