Бишкек шаарында жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдүн биринде Жигули үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт саат 14:32де чектөөгө алынып, 14:37де толугу менен өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.