• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте унаа урдоого аракет кылган шектүү кармалды

28 Тогуздун айы 2020 21:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте унаа урдоого аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-октябрда болжол менен саат 04:20 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинен авто унаамды уурдаганга аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда ошол даректин тургуну «Тойота Камри» үлгүсүндөгү авто унаасын белгисиз жаран урдоого аракет кылган.

«Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иштерин жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган М.В аттуу жаранды кармап, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИББгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинин 90-беренесинин (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрушкө алынды.

Количество просмотров: 82