Бишкекте ээнбаштыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-май күнү болжол менен саат 00:20 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Д.Асанов көчөсүндө токтоп турган унаанын терезелерин талкалап жатат деген маалымат келип түшкөн.
«Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1992-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда “КИА” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезелерин белгисиз жаран себепсиз талкалап качып кеткени жазылган. Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары, 2003-жылы туулган К.Э. аттуу жаран кармалган»,-деп айтылат маалыматта.