• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте уурулукка шектүү кармалды

28 Бештин айы 2020 9:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында акча уурдоого шектүү жаранды кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-декабрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Чыгыш автобекеттин ичинен 1984-жылы туулган З.Р. аттуу жаран кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган. Анда болжол менен саат 15:00 чамасында эски автобекетте жайгашкан Намазкананын ичинен арыз ээсинин курткасынын чөнтөгүнөн белгисиз жаран акчасын уурдап кеткен.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Р. Р. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 192