• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте вагондон чыккан өрттөн бир адам каза болду

19 Үчтүн айы 2021 11:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагонунан өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районундагы Васильевский тракт №1 дарегиндеги Ак-Жол автобазасынын аймагында жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1 эркек киши каза болгон.

Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Өрттүн келип чыгуу себеби жана каза болгон жарандын аты-жөнү такталууда.

Количество просмотров: 112