• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бишкекте веложүрүш өттү 

29 Баш оона 20229:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында “Ден соолук менден башталат!” деген ураандын астында веложүрүш өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, веложүрүш Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө, толеранттуулукту жогорулатууга, көп түрдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө арналды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов, Кыргызстан калкы ассамблеясынын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле велоспорт сүйүүчүлөрү жана ден соолукту чыңдоочу бардык каалоочулар болуп жалпысынан миңден ашык адам катышты.

Веложүрүш Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп, КР президентинин администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргызстан калкы ассамблеясынын, “Вело friends позитив kg” коомдук бирикмесинин жана “Золотые колеса” велоклубунун колдоосунда, БУУнун Өнүктүрүү программасы, “Тынчтык жана өнүгүү институту” коомдук бирикмеси, ошондой эле “Шоро” компаниясы менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.

Иш-чара өнөктөштөргө ыраазычылык баракчаларын тапшыруу жана концерттик программа, флешмоб менен жыйынтыкталды.

Веложүрүштүн катышуучулары Кыргыз жараны деп өзүн таанууну илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча көптөгөн позитивдүү эмоцияларга ээ болуп, пикирлеш адамдар менен чогуу убакыт өткөрүштү.

Количество просмотров: 108