Бишкекте ысык суу 17-июнда берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, ысык суу 17-майдан 17-июнга чейин өчүрүлгөн. Бул жыл сайын кышкыга карата жасалчу профилактикалык иш болуп саналат. Бүгүн Бишкектин жылуулук тармагы сыналып, кемчиликтери аныкталды.
Ишкананын маалымат кызматы бардык иштер өз маалы менен жүргүзүлүп, ысык суу да убагында берилерин эскертти.