• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт 01:00гө чейин иштейт

30 Бештин айы 2022 17:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жаңы жыл түнү шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн бардык коомдук транспорттор түнкү саат 01:00гө чейин иштейт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, 1-январда муниципалдык коомдук транспорт — автобустар жана троллейбустар атайын график боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин, ал эми кичи автобустар адаттагыдай эле каттайт.

2-январдан тарта шаардагы бардык коомдук транспорт кадимки режимде иштей баштайт.

Количество просмотров: 225