Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.
Бишкектин Түштүк магистралында жайгашкан эс алуучу жайынын күзөтчүлөрү ал жакка келген кардарларды сабап салышкан. Бул тууралуу видеону Kaktus.media жарыялады.
Агенттикке видео жиберген күбөлөрдүн айтымында, окуя 20сынан 21-августка караган түнү болгон. Бир нече адамдан турган топ эс алуу жайына келишкен, бирок аларды бардын администратору киргизбей койгон. Натыйжада эки тараптын ортосунда кайым айтышуу болуп, чырга күзөтчүлөр аралашып, жыйынтыгында бир кыз менен эки жигит күзөтчүлөрдөн токмок жешкен.
Кардарлар күзөтчүлөрдөн качып чыгып, унаага келишкенде алар кубалап келишип кайрадан ур-токмокко алышкан.