• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бишкекте жалбырак өрттөгөндөр айыпка жыгылды

12 Аяк оона 202217:37 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жалбырак өрттөгөндөргө айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалбырак өрттөгөндүгү үчүн Чүй облустук ооруканасына айыппул салынды. Ошондой эле шаар тургуну 7 миң 500 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, кургак чөп өрттөгөндө оор химиялык заттар бөлүнүп, адам организмине, айлана-чөйрөгө коркунуч жаратат. Мыйзам бузгандарга 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин административдик айып каралган.

Количество просмотров: 150