• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте жаран аялды уурдап кетип, 3 күн камап алып сабаган

21 Жетинин айы 2019 9:40 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте адам уурдоого шектелип 47 жаштагы эркек киши колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

19-ноябрда Бишкек ШИИБдин санариптик командалык борборуна Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунан Ж.Н. аттуу жаран (аял киши) түшкөнү тууралуу маалымат берилген. Анын баш мээси жабыркап, чайкалганы аныкталган.

Айтылган дарекке Октябрь РИИБдин ыкчам тобу жөнөп кеткен. Жабырлануучунун айтымында, Эсен аттуу жаран аны уурдап кетип, Көк-Жар конушундагы үйлөрдүн биринде 3 күн камап алып сабаган.

Бул факт Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бириктүү реестрине катталды.

Октябрь РИИБдин ыкчам тобу тарабынан кылмышка шектелип, 1972-жылы туулган Н.Э. аттуу жаран кармалды. Ал №1 убактылуу кармоочу жайга 2 айга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Булак: barakelde.org.

Количество просмотров: 1854