• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте жаран жаш кызды зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен кармалды

8 Кулжа 2020 17:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Кара-Жыгач токоюнда жаш кызды зордуктоого аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева Govori.TVга билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 5-июнда болгон. Анда  БМЖКККнын кызматкери болжол менен 15-16 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылып жаткан жаранды көргөн.

«Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери жумуштан кийин кечинде спорт менен машыгуу үчүн Кара-Жыгач тарапка барган. Ал жактан жардам сурап кыйкырып жаткан кыздын үнү угулган. Үн чыккан тарапты болжоп барган кызматкер жаш кызды жерге жыгып, зордуктоого аракет кылып жаткан кишини көргөн. Шектүү алгач качып кетүүгө аракет жасап, бирок колго түштү»,-деди Сартбаева.

Шектүү Свердлов райондук милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 2307