• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иши уланууда

18 Аяк оона 202314:49 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иши уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Манас жана Ч.Айтматов проспектилерин бойлой Түндүк көчөсүнө чейин 50 жарнама конструкциясы, анын ичинде 8 жарнма тактасы жана 42 баннер демонтаждалды.

Ошондой эле Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жалпы аянты 30 чарчы метрди түзгөн күркө жана Түштүк-2 кичи районунда жайгашкан жалпы аянты 40 чарчы метр болгон контейнер ээси тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалды.

Иштер шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 121