• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иштери уланууда

21 Аяк оона 2023 17:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин бойлой Фучик көчөсүнөн баштап Манас проспектисине чейин 6 даана «Л» жана «Т» формасындагы көрнөк-жарнак конструкциясы алынды.

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жеринде «Тазалык» жана «Бишкекжарык» ишканаларынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышты.

Белгиленгендей, жарнамаларды иретке келтирүү иштери шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнак-маалыматтарды жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 98