• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Бишкекте жарым кылымдагы жаздын эң жылуу күнү катталды

21 Жалган куран 20255:52 Бишкек Govori.TV

19-мартта Бишкекте абанын максималдуу температурасы +26,4° болуп, 1974-жылдагы +25,8° болгон рекорддук көрсөткүчтөн ашкан.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 24-26-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдордо тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай аба ырайы жолдордун абалын начарлатып, алыскы жайыттарда мал кармоону, автотранспорттун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Количество просмотров: 364