• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн унаа кармалды

9 Теке 2021 15:40 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Toyota Camry унаасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 8-июлда кайгуул кызматкерлери болжол менен саат 11:15 чамасында Медеров жана Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинен Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаанынын мамлекеттик номери жасалма экендигине шек жараткандыктан токтотушкан.

Автоунаанын документтерин текшерүү маалында 1985-жылы туулган У.М. аттуу айдоочу автоунаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча кызматкерлер автоунааны убактылуу айып короо жайына токтотуп, ал эми айдоочусун андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 183